"Зика" коркунучтуу вирус бойдон калууда

© REUTERS / INA FASSBENDERЗика вирусу. Архив
Зика вирусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган.

БИШКЕК, 3-сент. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Зика вирусу эл аралык маанидеги коркунучтуу вирус бойдон калып жаткандыгын жарыялап, бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Пляждагы эс алуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарылабаса, эмне болот? Кыргызстанда көп кездешүүчү жыныстык оорулар
Маалыматта вирус күн санап географиялык аймагын кеңейтип жаткандыгы белгиленген. Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөлүк коомчулукту ооруну айыктыруу жолдорун изилдөөгө чакырды. 

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0