Кремль өзбек президенти Москвада дарыланып жатат деген имишти четке какты

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүӨзбек президенти Ислам Каримов. Архив
Өзбек президенти Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков россиялык дарыгерлердин Өзбекстанга келиши боюнча маалыматы жок экенин билдирди.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Өзбек президенти Ислам Каримов дарылануу үчүн Москвага учуп келбегенин Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди.

Ал ошондой эле россиялык дарыгерлердин Өзбекстанга кеткени боюнча маалыматы жок экенин кошумчалады.

"Мен Ислам Каримов Москвага учуп келбегенин тастыктай алам. Ал эми Өзбекстанга россиялык дарыгерлер кеткени боюнча маалыматым жок", — деди ал.

Ислам Каримов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каримовдун кайрылуусун Өзбекстандын ТИМи жарыялады
Буга чейин Өзбекстандын Жалпыга маалымдоо каражаттары 78 жаштагы Ислам Каримов стационардык дарыланууда экени боюнча өкмөттүн жарыялаган билдирүүсүн таратышкан.

Өз кезегинде Каримовдун кызы Лола Каримова-Тилляева өзүнүн Instagram баракчасына атасы мээсине кан куюлуп, реанимацияда жатканын билдирип, анын абалы туруктуу экенин билдирген болчу. 

Эгер өзбек президенти тактыдан кете турган болсо Өзбекстандагы абал кандай болору тууралуу эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0