Окумуштуулар адам эмне үчүн ичкиликке берилип кетерин иликтеп чыгышты

© Sputnik / Вадим Алексеев / Медиабанкка өтүүАрактын бөтөлкөсү. Архив
Арактын бөтөлкөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир канча жылдан бери изилдөөгө алган профессорлордун айтымында, тынбай спирт ичимдигин ичүү мээнин иштөөсүнө тоскоолдук жаратат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Окумуштуулар адам кантип ичкиликке берилип кетерин иликтеп чыгышты. Бул тууралуу РИА Новости Molecular Psychiatry журналына таянуу менен жазып чыкты. 

Швециядагы Линчепинг университетинин профессору Маркус Хайлигиндин айтымында, аракты тынбай ичкен адамдагы PRDM2 гени жараксыз абалга келет. Бул ген мээнин иштешине таасир берген белокторду иштеп чыгат. 

"Бул белокту биздин окумуштуулар рак илдети боюнча изилдеп жатып кеңири иликтөөгө алган. Ал учурда PRDM2 гени анчалык маанилүү экени белгисиз болчу. Талыкпай эмгектенүүнүн арты менен спирт ичимдиги аталган белокту иштен чыгараарын аныктадык", — деди профессор. 

Ал аталган изилдөө бир канча жылдан бери жүргүзүлүп келгендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0