Пекиндеги атактуу Кытай дубалынын көздөн далдоо жерлери коргоого алынат

© Sputnik / Александр Юрьев / Медиабанкка өтүүУлуу кытай дубалы. Архив
Улуу кытай дубалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дубал жамгыр, күн, шамалдан сырткары, туристтер менен жергиликтүү элдин жоопкерчиликсиз мамилесинен да жабырланып келет.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Пекиндин муниципалдык бийлиги атактуу Кытай дубалынын көздөн далдоо жерлерин коргоого алып, аны вандалдардан сактоо аракеттерин баштайт. Бул максатта атайын ыктыярчылар тобунан турган команда ишке киришти деп жазды Синьхуа агенттиги.

Монах. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайда жарым миңден ашуун жалган кечилдин бети ачылды
Пекиндин аймагындагы Кытай дубалы 573 чакырымга созулуп жатат. Ыктыярчылар аталган жердеги дубалдын көп көрүнбөгөн жерлеринде туристтер ыргытып кеткен таштандыларды тазалайт. Мындан сырткары, саякатчыларды бул тарыхый жайга урмат менен мамиле кылып, ар кыл таштандыга толтурбоо өтүнүчү менен кайрылып турушат. 

Улуу кытай дубалы – кытайлыктардын канча кылымдардан бери келе жаткан сыймыктана турган жайы жана өлкө бренддеринин бири. Ал жамгыр, күн, шамалдан сырткары, туристтер менен жергиликтүү элдин жоопкерчиликсиз мамилесинен да жабырланып келет.

Келгендер ал жерлерге аттарын чийип жазып калтырса, жергиликтүү эл анын кыштарын ташып кетүүгө аракет кылган учурлар арбын.

Жаңылыктар түрмөгү
0