Грузиядагы үйлөнүү тойдо 180ден ашык киши ууланды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТойго коюлган тамак жана ичүүчү суулар. Архив
Тойго коюлган тамак жана ичүүчү суулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабыркагандардын арасында 30тан ашык балдар бар. Алдын ала маалыматтар боюнча коноктор бузулуп кеткен тамак-аштан же ичимдиктен ууланышы мүмкүн.

БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Грузиянын Марнеул районундагы үйлөнүү үлпөт тоюнда 180ден ашык киши ууланганын РИА Новости агенттиги Грузиянын ЖМКларына шилтеме берүү менен билдирди. 

"Алдын ала маалыматтарга ылайык, коноктор азык-түлүктөн же ичимдиктен ууланышы мүмкүн. Уулангандар жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер бейтаптардын абалы туруктуу экенин айтышууда", — деп "Рустави 2" каналы маалымдады.

Айрым бейтаптар ооруканадан чыгышты. Уулангандардын арасында 30дан ашык бала бар.

Аталган факты боюнча Грузиянын Ички иштер министрлиги тергөө амалдарын баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0