Кытайда уялчаак жигит интернетти түп-тамырынан бери жоготууга аракет кылган

© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүКабель. Архив
Кабель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уялчаак жигиттин азабынан интернет жабдуулары зыянга учурап, эсептей келгенде 15 миң долларга чукул каражатты чапчыган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Шаньдун провинциясынын полициясы кытайлык жигиттин интернетти жок кылуу максаты ишке ашпай калгандыгын билдирди. Бул маалыматты РИА Новости Kotaku басылмасына шилтеме берип жазып чыкты. 

Жаңы Зеландиядагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоолордун арасында калган турист аял бир айдан кийин аман-эсен табылды
Полициянын айтымында, ал жергиликтүү провайдердин жабдууларын иштен чыгарууга аракет кылган.

Кытайлык жаран өлкөнүн ири аянттарынын биринде массалык бийге катышып, анысы ааламга тарап кетпесин деген максатта интернетке "кол салган". Аталган басылма Кытайда мындай бийдин адатта жашы өтүп калган аялдар бийлээрин жазган.

Уялчаак жигиттин азабынан интернет менен камсыз кылган жабдуулар зыянга учурап, аны эсептей келгенде 15 миң долларга чукул каражатты чапчыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0