17:29 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Кофе. Архив

Окумуштуулар италиялыктардын канынан кофе "жандуулукту" байкашты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
9710

Окумуштуулардын айтымында, адамдардын организминен 20 даана кичи мутация байкалган. Мындай өзгөрүүлөр адамдын кофе ичүүсүнө таасир эткени байкалган.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Европа өлкөлөрүндөгү генетиктер PDSS2 гениндеги өзгөрүүлөр организмдин кофеинди иштеп чыгаруусун башкарарын аныктап чыгышты. Мындай изилдөөнүн негизинде кайсы адам кофеге жакын келерин билип койсо болот. Бул тууралуу РИА Новости Scientific Reports журналына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

"Биздин изилдөөнүн жыйынтыктары кофе жандуу болуу генетикага байланыштуу экенин көрсөттү. Эми масштабдуу деңгээлдеги изилдөөлөрдү жүргүзүүгө негиз жаралды", — деп билдирди Шотландиядагы Эдинбург университетинин окумуштуусу Никола Пирасту. 

Пирасту менен анын кесиптештери адамды кофе жандуу кылган генди миңдеген италиялык жарандардын ДНКсын салыштыруу менен аныктап чыгышты. 

Тажрыйбага катышып жаткан жарандардан кан алынгандан кийин кимиси көп кофе ичери тууралуу маалыматтар жыйналган. 

Окумуштуулардын айтымында, адамдардын организминен 20 даана кичи мутация байкалган. Мындай өзгөрүүлөр адамдын кофе ичүүсүнө таасир эткени байкалган. Мутациялардын бардыгы PDSS2 генинин ичиндеги алтынчы хромосомада жайгашкан. Алар башкаларга салыштырмалуу кофени бир чыныга көп ичтире турганы аныкталды. 

Тема боюнча

Окумуштуулар: африкалыктар төшөк мамилесинде абдан бактылуу экени аныкталды
Окумуштуулар:кош бойлуу кезде кофе ичүү баланын акыл-эсине терс таасирин тийгизбейт
Белгилер:
кофе, ген, Окумуштуулар
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ