Урал: дарыгерди тиштеп алган аялды жылыткычка байлап коюшту

Жазылуу
Эми ал доктур жугуштуу оорулардын бар-жогуна анализ тапшырып жүрөт.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Челябинскидеги клиникалык оорукананын күзөт кызматы ооруканага кирип келип, урушуп, ал тургай медициналык кызматкерди тиштеп алган аялды жылыткычка байлап коюшту. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. 

Шаардык саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн билдиргенине караганда, жаалданып кирип келген аял клиниканын ичинде тополоң салган.

"Ал ооруларды кабыл алган жайга келип, кыйкырып, ызы-чуу салган. Медиктердин бири тиштеп алганга да үлгүргөн. Эми ал врач жугуштуу оорулардын бар-жогуна анализ тапшырып жүрөт", — деди билдирди саламаттыкты сактоо бөлүмүнөн.

Анын айтымында, аял терезенин айнегин да талкалап салган. 

Сырттан капыстан кирип келген аялдын алигидей кылык-жоругунан кийин медиктер тез арада аракетке келүүчү топту чакырып, алар аялды жылыткычка таңып коюшкан. Кечирээк келген тартип сакчылары полиция аны полиция бөлүмүнө алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0