Forbes журналынын рейтинги боюнча Дуэйн Жонсон эң кымбат актер аталды

© AP Photo / Richard ShotwellАктер Дуэйн Жонсон. Архив
Актер Дуэйн Жонсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал өткөн жылы 64,5 миллион доллар тапкан. Бул көрсөткүч мурунку жылкыга караганда эки эсе көп дегенди түшүндүрөт.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Forbes журналынын чыгарган рейтингине ылайык, өткөн жылы актер Дуэйн Жонсон эң көп гонорар алган. Бул тууралуу журналдын расмий сайты кабарлайт.

Курманжан Датка тасмасында Алымбек датканын образын ийине жеткире аткарган, көз карашы сырдуу жана муңдуу актер Азиз Мурадилаев - Sputnik Кыргызстан
Азиз Мурадиллаев: кастингге эң акыркы барсам да, Алымбек датканын ролу мага буйруптур
Жонсон бир жыл ичинде 64,5 миллион доллар тапкан. Бул көрсөткүч мурунку жылкыга караганда эки эсе көп дегенди түшүндүрөт. 

Журналдын берген маалыматы боюнча актер каражатынын көпчүлүк бөлүгүн "Форсаж 8" жана "Полтора шпиона" (Бир жарым тыңчы) тасмаларынан алган. 

Экинчи орунда 61 миллион доллары менен Жеки Чан, ал эми үчүнчүдө 55 миллион доллар пайда таап актер Мэтт Дэймон турат. 

Мындан сырткары, алдыңкы ондукка Том Круз (53 миллион), Жонни Деп (48 миллион), Бен Аффлек (43 миллион), Вин Дизель (35 миллион), Шахрух Хандар (33 миллион) кирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0