ЖМК: YouTube социалдык тармакка айланат

© AFP / LIONEL BONAVENTUREПопулярдуу YouTube видео порталынын логотиби. Архив
Популярдуу YouTube видео порталынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү видеоблоггерлер менен контенттин түзүүчүлөрү сүрөт, текст, сурамжылоо жана башка материалдар менен бөлүшө алат.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Популярдуу YouTube видео порталынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, социалдык тармакка айланып бара жаткандыгы тууралуу VentureBeat со өзүнүн ишенимдүү булактарына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Смайлики с кыргызским колоритом разработанные для мессенджера Telegram созданный организаторами проекта Балаты - Sputnik Кыргызстан
Telegram мессенджерине улуттук колориттеги быйтыкчалар кирет
Басылмадагы маалыматка караганда жакынкы аралыкта сайтта Backstage аттуу жаңы бөлүм ачылып, ал аркылуу блоггерлер өзүнүн аудиториясы менен видео аркылуу гана эмес, кыска тексттик билдирмелер менен сүрөттөр аркылуу дагы байланыша алышат. 

YouTube каналынан видео көргөн колдонуучулар башка социалдык тармактарга бөлүшүп, ошол жактан талкуулап келишет. Мындан улам каналдын түзүүчүлөрү колдонуучулар үчүн баарлашуучу аянтча түзүүнү көздөп жатышат.

Мындай жаңы өзгөрүүлөр күз айларынын экинчи жарымында ишке ашары айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0