Индияда питон антилопаны жута албай кусуп салды

© flickr.com / Chris ParkerПитон. Архив
Питон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Индиядагы айылдардын биринин тургундары үрөй учурган окуяга күбө болушкан.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Төрт метрлик питон ири көлөмдөгү антилопаны жута албай кусуп салгандыгы тууралуу The Mirror басылмасы жазып чыкты. 

Басылмадагы маалыматка караганда айылдын тургундары чоң жылан менен ага жем болгон жандыкты байкап калышкан.

"Ызы-чуу үндөрдү угуп сыртка чыктым. Эл чогулган жерге чуркап келип чоң питон кайсы бир жаныбарды кусуп салууга аракет кылып жатканын көрдүм. Мындай нерсени биринчи жолу учуратышым. Кийин башка күбөлөрдөн чоң жыланга жем болгон жандык антилопа экенин билдим", — деп билдирген айылдын 28 жаштагы тургуну Сушила Кумара. 

Питондордун узундугу 1 метрден 7,5 метрге чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0