Непалдагы кулаган автобустун 20га чукул жүргүнчүсү каза болду

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүНепал. Архив
Непал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтарга караганда автобустун ичинде 39 адам болгон. Алардын экөө дайынсыз жоголуп, куткаруучулар издеп жатат.

БИШЕК, 26-авг. — Sputnik. Непалдын борбордук бөлүгүнө кырсыкка кабылып, дарыяга кулаган автобустун 20га чукул жүргүнчүсү каза тапты. Бул туурасында РИА Новости Himalayan Time басылмасына шилтеме кылып кабарлады.

Италиядагы жер титирөөнүн кесепети - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: Италиядагы зилзаладан КР жарандары жабыркаган эмес
Кырсык бүгүн эртең менен болгон. Жергиликтүү полициянын өкүлүнүн айтымында, автобус чек арага жакын жайгашкан аймактан өлкөнүн ичин карай багыт алган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, автобустун ичинде 39 адам болгон. Алардын ичинен 20сы каза таап, экөө дайынсыз жоголуп, куткаруучулар издеп жатат. 

Буга чейин тойго бара жаткан дагы бир автобус 12 метр бийиктиктеги жардан кулап, эң кеминде 36 адам жаракат алганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0