Изилдөөчүлөр: 37 жылдан кийин адамдардын саны 10 миллиардга жетет

© Фото / NASAЖер планетасы. Архив
Жер планетасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык демографиялык көйгөйдүн негизги себеби өнүкпөй калган өлкөлөрдөгү төрөлүүнүн күч алуусуна байланыштуу болот.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жер үстүндөгү адамдардын саны 2053-жылы 10 миллиардга жетет. Бирок ошол эле учурда Россия менен Украинанын калкы 7,9 жана 9 миллионго кыскарат. Ал эми Япония 24,7 миллион адамга азайып рекорд коет. Бул тууралуу калктын санын эсептөөгө алган Вашингтон Бюросу жарыялагынын РИА Новости жазып чыкты. 

"Жер жүзү боюнча төрөлгөндөрдүн саны азайып жатканы менен адамдардын санынын өсүүсү жогорку деңгээлде тура берет. Себеби адамдар Европада азайып жатканы менен Африканын калкы 2050-жылга карата эки эсе көбөйөт", — деп билдирди Бюронун президенти Жеффри Жордан. 

Аталган коммерциялык эмес уюм дүйнөдөгү демографиялык абалды иликтөөгө алган эң ири бюролордун бири болуп эсептелет. Уюм калктын саны боюнча докладын 1962-жылдан бери чыгарып келет. 

Кытай бийлиги калкынын саны 2050-жылга карата азайышын күтөт
Бюронун болжомуна караганда 2050-жылы жер жүзүндөгү калктын саны 9,9 миллиардга жетет. Ал эми 2053-жылы 10 миллиарддан ашып түшөт. 

Социалдык демографиялык көйгөйдүн негизги себеби өнүкпөй калган өлкөлөрдөгү төрөлүүнүн күч алуусуна байланыштуу болот. Маалыматка караганда артта калган 48 мамлекеттин калкы 2050-жылга карата эки эсе көбөйүп, эки миллиард адамды түзөт. Тизмедеги 48 мамлекеттин ичинен 29гу Африкада жайгашкан. Маселен Нигериянын калкы жүз жылдыктын орто ченинде үч эсеге көбөйөт. 

Бирок калктын азаюусу Индия, Кытай жана АКШда байкалбай, алдыңкы катарда калары белгиленет. Төртүнчү орунга Нигерия чыгып, Индонезия бешинчи, ал эми Бразилия жетинчи орунду ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0