Тоолордун арасында калган турист аял бир айдан кийин аман-эсен табылды

© flickr.com / Tom HallЖаңы Зеландиядагы тоолор. Архив
Жаңы Зеландиядагы тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туристти издөө качан гана Чехиядагы элчиликтен кабар келгенден кийин гана ушул аптада башталган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Жаңы Зеландиянын полициясы тоолордун арасында бир ай бою калып кеткен чехиялык турист аялды таап чыгып, өмүрүн сактап калды. Бул туурасында РИА Новости Guardian гезитине шилтеме берүү менен кабарлады. 

Ат-Башы району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыга барган турист аттан кулап жаракат алды
Аны Фьордленд деп аталган улуттук парктын аймагынан таап, ооруканага жеткиришкен. Маалыматтарга караганда, аялдын ден соолугу дурус. 

Полиция аялы менен күйөөсү 26-июлда тоого чыгып бара жаткан жеринен эркек киши тоонун типтик болгон жеринен учуп кетип каза тапкандыгын айтты. Жалгыз калган аял үч күн токойдо жан сактап, эки чакырым жүргөндөн кийин токойчунун ээн калган тамын таап алып, баш калкалап турган. Ал жерде бир ай жашап азык-түлүк, отунду пайдаланып бүткөн. Бул мезгил ичинде алган жараатынан жана калың кардан улам эшикке чыга албай койгон. Токойдогу тамда радиостанциянын тилин билбегендиктен, ал куткаруучуларды жардамга чакыра алган эмес. 

Туристти издөө качан гана Чехиядагы элчиликтен кабар келгенден кийин ушул аптада башталган.

"Мындай окуя бизде болгон эмес. Бул Жаңы Зеландияда кара башыл киши жоголуп, аны издөө боюнча кабар түшпөгөн өзгөчө учур болуп жатат", — деп айтты жергиликтүү полициянын өкүлү.

Полициянын айтымында, жуптар Жаңы Зеландия аймагында январь айынан тарта эле саякаттап жүрүшкөн. Алар алды кийин тоого чыгып көрбөгөндүктөн, чыйыр жолдон адашып, тик аскага келип такалып, кырсыкка кабылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0