Эмгек боюнча эл аралык уюм: быйыл 71 миллион жаш ишсиз калат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЖумуш жарманкеси. Архив
Жумуш жарманкеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Докладда жумушка орношууда аялдар менен эркектердин арасында айырмачылыктар бар экени белгиленген.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Быйыл 71 миллионго жакын жаштар жумушсуздуктун көйгөйүнө туш келет, бул былтыркы жылга салыштырмалуу 500 адамга көптүк кылат. Мындай маалыматты Синьхуа агенттиги Эмгек боюнча эл аралык уюмдун докладына таянып таратты. 

Заброшенный город-призрак Иныльчек в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Ээн калган Эңилчектеги тиричилик сүрөттө
Документте ал-күчкө толуп тургандардын быйылкы жылдагы жумушсуздук боюнча көрсөткүчү 13,1 пайызды түзүп, былтыркыга караганда 0,2 пайызга көп экендигин айтылган. Мындагы сандар акыркы үч жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болгон. 

Документти даярдаган авторлордун бири Стивен Тобин мындай көрүнүштү экономикасы күчтүү өлкөлөрдө анын өнүгүшүнүн жайлап, ал эми бир катар мамлекеттерде такыр эле токтоп калышы менен байланыштырган. 

Аталган уюмдун докладында жумушка орношууда аялдар менен эркектердин арасында айырмачылыктар бар экени белгиленген. 2016-жылы жаш делген категорияга кирген эркектердин 53,9 пайызы, ал эми кыз-келиндер арасында 37,3 пайызы иш менен камсыздалган. Мындай айырмачылык Түштүк Азия, Орто Чыгыш жана Түндүк Африка аймактарында байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0