Непалда эки жаштын тоюна бараткан автобус жардан кулап кетти

© flickr.com / Asian Development BankНепалдагы тез жардам унаасы. Архив
Непалдагы тез жардам унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жардан учкан автобустун ичиндегилер Бхактапур жана Тими шаарындагы ооруканаларга жеткирилген.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Тойго бара жаткан автобус 12 метр бийиктиктеги жардан кулап, эң кеминде 36 адам жаракат алды. Окуя Непалдагы Бхактапур деп аталган шаарына жакын жерде болду деп билдирди РИА Новости Himalayan Times басылмасына таянып.  

Жергиликтүү полиция кызматкери автобус шаан-шөкөттүү тойго, Катмандуну көздөй багып алгандыгын кабарлады. Жардан учкан автобустун ичиндегилер Бхактапур жана Тими шаарындагы ооруканаларга жеткирилген. 

Автобустун эмне себептен кырсыкка кабылгандыгын тартип коргоо органдары азырынча айта элек деп жазган басылма.

Жаңылыктар түрмөгү
0