00:21 03 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.7872
  • EUR89.0098
  • RUB1.1172
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
187220

Тажикстан Олимпиада оюндарында бир алтын медалга ээ болгон. Ошентсе да катнаштык рейтингде АКШдан озуп түштү.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Тажикстан Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарынын жыйынтыгында спортчулардын санына карата тийген медалдын көптүгү боюнча АКШдан да алдыга чыкты.

Рейтингди америкалык New York Times басылмасы түзүп, андагы маалымат medalspercapita.com сайтына жарыяланды.

Рейтингдин авторлору ар бир командага бир алтын үчүн төрт упай, күмүш үчүн эки жана коло медаль үчүн бир упай берип эсептешкен.

Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга Тажикстандын атынан жети спортчу спорттун төрт түрү боюнча барышкан. Олимпиадалык алтынды Дилшод Назаров алыстыкка балка ыргытуу боюнча алган.

Буга байланыштуу коңшу өлкөнүн командасы төрт упайга ээ болду. Бул упайды Олимпиадага барган жети спортчуга бөлгөндө 0,57ден тийген. Мындай коэффициент Олимпиада оюндарына катышкан өлкөлөрдүн бардыгын артта калтырды.

Экинчи орунда 0,53 коэффициентке ээ болгон АКШ курама тобу турат. Ал эми үчүнчү орунду 0,50 упай топтогон Азербайжан, Косово жана Иордания бөлүп алышты.

Ошентип, Назаров Тажикстандын эгемендүүлүк алгандан берки алтын медаль уткан биринчи спортчусу болуп калды.

Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)

Тема боюнча

Польшалык атлет оорулуу балага жардам берүү үчүн Риодо жеңип алган медалын сатты
Риодогу Олимпиаданын жабылышы: кыргыз желегин көтөргөн Айсулуу, миңдеген фейервектер
Белгилер:
лидер, Олимпиадалык оюндар, Тажикстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ