Италиядагы зилзаладан каза тапкандардын саны 159га жетти

© REUTERS / Adamo Di LoretoТабигый кырсыктын кесепетин көргөн Аматриче шаары
Табигый кырсыктын кесепетин көргөн Аматриче шаары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табигый кырсыктын айынан Аккумоли жана Аматриче шаарларынан сырткары Лацио, Умбрия жана Марке облустарында дагы кыйроолор болгон.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Кыйроого алып келген жер титирөөнүн кесепетинен каза тапкандардын саны 159га жеткендиги тууралуу РИА Новости Улуттук жарандык коргонуу кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Буга чейин 132 адам каза таап, 368 адам ар кандай жаракат алышканы айтылган. 

Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда дайынсыз жоголгондордун так саны азырынча белгисиз. Ал эми Жарандык коргонуу кызматынын төрагасы Фабрицио Курсио куткаруу иштери токтобой жүрүп жатканын билдирди. 

Италияда катуу жер титирөө - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев адам өмүрүн алган зилзаладан улам Италия президентине көңүл айтты
Каза тапкандардын саны дагы өсүшү толук ыктымал. 

Жарандык коргонуу кызматынын берген маалыматына караганда 106 адам Риети провинциясында (Лацио облусу) дагы 53 адам Асколи-Пичено провинциясында (Марке облусу) каза тапкан. 

Эске салсак, магнитудасы 6,0гө жеткен биринчи жер титирөө 24-август күнү саат 3.36да Аккумоли шаарына жакын жерде катталган. Магнитудасы 5,4кө жеткен экинчи силкинүү саат 4.34 чамасында Умбрия облусунда болгон. Натыйжада Аккумоли менен Аматриче шаарлары кыйрап калган. 

Табигый кырсыктын айынан Аккумоли жана Аматриче шаарларынан сырткары Лацио, Умбрия жана Марке облустарында дагы кыйроолор болгон. Өлкө бийлиги жашоочуларды жабыркагандар үчүн кан тапшырууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0