17:14 21 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Рубль. Архив

"Салон иштеткен" алдамчы жигит кыз-келиндерди 8 млн. рублге отургузуп кеткен

© Sputnik / Рамиль Ситдиков
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
48110

Кыз-келиндер абдан кымбат турган "абонементке" ээ болуу үчүн ал тургай кредит да алып жиберишкен.

БИШКЕК, 23-авг – Sputnik. Владикавказ полициясы аялдарга болуп көрбөгөндөй сулуулук кызматтарын тартуулайм деп миллиондогон акчаларын алдап, ал тургай кредит алдыртканга чейин барды деген адамды колго түшүрдү. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты. 

Түндүк Осетия – Алания Республикасынын ИИМинин маалыматына караганда, асмандагы айды алып берем деген маанайдагы сулуулукту убада кылган шылуунга 200гө чукул аял алданган.

Кыз-келиндер абдан кымбат турган "абонементке" ээ болуу үчүн ал тургай кредит да алып жиберишкен. Бул идеяны аларга жогорудагы кармалган шылуун сунуштаган. Кредит алгандар акчаларын колуна кармабастан, түз эле "сулуулук салонунун ээсине" которуп беришкен. Ал эми сулуу болуу жана жашаруу үчүн аялдардын алды 250 миң рублден төлөп берип, отуруп калган.

Шылуундар ишенчээк кыз-келиндерден 8 миллион рублге чейинки суммадагы каражат таап, аны өздөрүнүн жеке керектөөсүнө жумшап турушкан. 

"Алар курмандыктарынын телефонуна чалып, аялдын аты-жөнүн атап, илбериңки үн менен кайрылып, элпектик менен кызмат көрсөтүүсүн сунуштап, кайырмакка илип турушкан", — деп айтылат маалыматта. 

Полиция алдамчы киши Заводской деп аталган айылдын 32 жаштагы, мурда соттолгон тургуну экендигин аныктап чыккан. Ал 200гө чукул кыз-келинди 7 ай бою торго түшүрүп, акчаларын саап алып турган. Бул иш тууралуу маалымат элге тарагандан кийин 100гө чукул кыз-келин арыз менен кайрылган.

Тема боюнча

Алты жашар кыргызстандык Mini Miss Universal — 2016 конкурсунда ийгилик жаратты
Бишкектик жаран 21 жаштагы аялга 1,5 миң долларын алдатып жиберген
Белгилер:
кредит, эркек, сулуулук, шылуун, алдамчылык

ЭҢ МААНИЛҮҮ