Окумуштуулар: африкалыктар төшөк мамилесинде абдан бактылуу экени аныкталды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүКол кармашкан жубай. Архив
Кол кармашкан жубай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер жүзүндө жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, Түштүк жана Борбордук Африканын жашоочуларынын 20 пайыздан ашыгы интимдик жашоодо көйгөйү жок экендигин айткан.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Изилдөөлөргө ылайык, Түштүк жана Борбордук Африканын жашоочулары түгөйлөрү менен таттуу мамиледе турушат. Бул тууралуу РИА Новости америкалык окумуштуу Стивен Крэнниге шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Жер жүзүндө жүргүзүлгөн сурамжылоого ылайык, Түштүк жана Борбордук Африка жашоочуларынын 20 пайыздан ашыгы интимдик жашоодо көйгөйү жок экенин айткан. 

"Аталган аймакта миллиарддаган адам жашайт. Өнүгө элек өлкөдө сексуалдык жашоо тууралуу сурамжылоолор дээрлик болгон эмес. Андыктан бул сурамжылоо уникалдуу болуп саналат", — деди профессор.

Уако университетинин окумуштуулары буга чейин да Европа, АКШда аталган сурамжылоону жүргүзүп, мындай жыйынтык ала алган эмес. Африкада болсо изилдөөгө 30 миңге чукул адам катышкан. 

Стивен Крэннинин айтымында, иликтөөнүн эң кызыктуу жагдайы — төшөктө бактылуу болууга экономикалык көрсөткүчтүн таасир этпегендиги болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0