Риодо Олимпиада оту өчтү

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүРиодогу Олимпиада оту
Риодогу Олимпиада оту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийинки XXXII жайкы Олимпиада Япониянын борбор калаасы Токио шаарында өтөт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында болуп өткөн XXXI жайкы Олимпиада соңуна чыгып, өту өчүрүлдү. 

Олимпиадалык оюндарындагы марафон - Sputnik Кыргызстан
Жөө күлүк Тяпкин марага 86-болуп келди, Рио-2016да Кыргызстан куру кол калды
Эскерте кетсек, эл аралык оюндар 5-августта башталып, 21-августка чейин уланды. Ага жалпы жонунан 207 мамлекеттен 12 миң спортчу катышты. Кыргызстандан 19 спортчу барып, тилекке каршы, байгелүү орундарга татый алышкан жок. Штангист Иззат Артыковдун жалгыз коло медалын Оор атлетика боюнча эл аралык федерация канынан тыюу салынган стрихнин каражаты табылды деген жүйө менен алып койду.

Бардыгы болуп спорттун 28 түрү боюнча медалдын 306 комплектиси ойнотулду. Бул убакыт аралыгында 27 дүйнөлүк жана 91 олимпиадалык рекорд коюлду. Рейтингди 121 медаль (46-37-38) менен АКШ жетектесе, экинчи орунду 67 медаль менен британиялыктар, үчүнчү сапты 70 медаль менен Кытай ээледи.

Аталган Олимпиада бир катар ызы-чуусу, спортчулардын көп санда алган жаракаты менен эсте калды. 

Кийинки XXXII жайкы Олимпиада Япониянын борбор калаасы Токио шаарында өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0