Индия премьеринин костюму кымбаттыгы менен Гиннес китебине кирди

© Sputnik / Михаил Климентьев / Медиабанкка өтүүИндиянын премьер-министри Нарендра Моди. Архив
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миллиондорду чапчыган бул костюмду тоорукта Dharmananda Diamond Company деп аталган зер компаниянын ээси сатып алган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин кийген костюму эң кымбат болгону үчүн Гиннестин рекорддор китебине катталды. Бул туурасында РИА Новости ANI агенттигине шилтеме берүү менен билдирди. 

Агенттиктин маалыматына караганда, 2015-жылдын февралында аталган костюм аукциондо 43 миллион рупий (643 миң доллардан кымбат) акчага сатылган. Индиялык басылмалардын жазгандыгына караганда, ал кийимди Dharmananda Diamond Company деп аталган зер компаниянын ээси сатып алып, рекорд койгон.

Моди аталган күрмөнү 2015-жылы АКШ президенти Барак Обма менен Индияда болгон жолугушууда кийген деп билдирди агенттик.

Жаңылыктар түрмөгү
0