Түркия: үйлөнүү тойдо жардыруу жасагандар 12-14 жаштын ортосундагы балдар болгон

© REUTERS / Osman OrsalГазиантеп шаарында жарылуу болгой жер. Архив
Газиантеп шаарында жарылуу болгой жер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркия лидери Эрдоган бул терактыдан 51 адам каза таап, 69у жарадар болгондугун айтты.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Газиантеп шаарында үйлөнүү той учурунда жардыруу жасагандар 12-14 жаштын ортосундагы балдар болгондугун айтты. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады.

"Жарылуу 12ден 14 жашка чейинки курактагы жан кечти балдардан улам болгон. Жарылгычты өздөрү же башкалар иштетип жиберген", — деп айткан Эрдогандын сөзүн аталган агенттик билдирди. 

Анкаранын Гювен-парк аттуу аялдамада болгон жардыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы жарым жыл ичиндеги терактылар. Бейажал кеткен өмүрлөр
Эрдоган бул терактыдан 51 адам каза таап, 69у жарадар болгондугун, алардын ичинен 17и оор абалда жаткандыгын кабарлады. Буга чейин 50 адам мерт кетип, 94 адам жарадар болгондугу айтылган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган бул жардыруунун артында "Ислам мамлекети" террористтик уюму турарын боолгологон. 

Агенттик окуядан кийин Түркиядагы Адилет жана өнүгүү партиясынын депутаттарынын бири мунун артында "Ислам мамлекети" террордук уюму турушу мүмкүн деп айтканын жазган. Учурда бул кандуу окуяны жасагандыгын эч бир уюм мойнуна ала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0