15:22 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Түркиянын желеги. Архив

Түркия балдарга сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө карата жазаны күчөтөт

© Sputnik / Владимир Астапкович
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
65 0 0

Түркиянын юстиция министри Бекир Боздог иштеп чыккан аталган мыйзамдолбоордо кылмыш кылгандар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша жазаланат.

БИШКЕК, 20 — авг. — Sputnik. Түркиянын бийлиги Швеция менен дипломатиялык жаңжалдан улам балдарга сексуалдык мазактоого баргандарга жазалоону күчөтүүнү пландоодо. Бул туурасында Hurriyet езитинин маалыматына таянып РИА Новости билдирди.

Маалыматта билдиргендей, Түркиянын юстиция министри Бекир Боздог иштеп чыккан аталган мыйзам долбоордо кылмыш кылгандар балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша жазаланат. Мыйзам долбоордо 12 жашка чейинки балдарга сексуалдык мазактоо жасагандардын жазасы күчөтүлүп, кеминде 10 жылга абакка кесилет деп өзгөртүлгөн. Эгерде зордук-зомбулук кылган болсо 18 жылдан өйдө мөөнөт берилет. Жашы 12ден 18 жашка чейинки өспүрүм курактагы балдарга сексуалдык мазактоо кылгандардын жаза мөөнөтү 8 жылдан 15 жылга чейин деп белгиленген.

Түркиянын Конституциялык соту июлда 15 жашка чейинки балдар менен сексуалдык карым-катнашка баргандар боюнча Кылмыш жаза кодексинин жоболорунун алынып салынышына добуш берген. Сексуалдык зордук-зомбулук чатактарына каршы Бириккен Улуттар Уюмунун ыйгарым укуктуу өкүлү, Швециянын тышкы иштер министри Маргот Валльстрем өзүнүн Twitterгдеги баракчасына аталган мыйзам долбоордогу өзгөртүүлрдү жокко чыгарыш керек деп жазып, каршылыгын билдирген. Анын билдирүүүнө Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу бул жалган маалыматтын жана спекуляциянын негизинде жарыяланган деп жооп кылып, Швециянын элчисин Анкарага чакырган.

Тема боюнча

Педофилдерди өлүм жазасына тартуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду
Педофилдерге өлүм жазасын киргизүү боюнча 20 миңге чукул кол чогулду
Белгилер:
балдар, мыйзам, зордук-зомбулук, Түркия, Анкара

ЭҢ МААНИЛҮҮ