Мамдепартамент Афганистанга 60 млн. долларга курал сатууну колдоду

© AFP / SAFIN HAMEDОк-дары. Архив
Ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курал-жарактар менен камсыздоо Афганистанда коопсуздук жана туруктуулукту камсыздаганга көмөкчү болуп, аймактагы террорчуларга, согушкерлерге каршы аскердик операцияларды жасоодо колдонулары айтылган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. АКШнын мамдепартаменти Афганистандагы террорлукка каршы күрөштү колдоо максатында көп сандагы курал-жарактарды жана аскердик жабдууларды сатууну колдоду. Бул туурасында РИА Новости билдирди. 

"Мамдепартамент Афганистанга курал-жарактарды жана аскердик жабдууларды сатууну жана зарыл болгон окутууларды жүргүзүүнү колдоду.Ага алдын ала эсептөөлөр боюнча 60 миллион доллар кетет", — деп жазган Khaama Press гезити Американын коргонуу жана коопсуздук боюнча агенттигине (DSCA) таянып. 

Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москва Афганистандагы "Талибан" менен "Ислам мамлекетинин" ынтымагына түйшөлүүдө
DSCA маалыматына караганда, бул боюнча бардык документтер даярдалып, АКШнын Конгрессине жөнөтүлгөн. 

Маалыматтарга караганда, афган тарап M16A4 үлгүсүндөгү беш миңге чукул курал, M240B үлгүсүндөгү 485 пулемет жана ири калибрлүү M2ден 800 даана пулемет сатып алууга ниетин билдирген. Мындан сырткары, жеңил пулемет, снайпердик мылтыктар жана гранатомет, пулеметтордун тирөөчтөрү, алмаша турган түтүктөрү жана башка бөлүктөрү алынмакчы. 

Зарыл болгон курал-жарактар менен камсыздоо Афганистанда коопсуздук жана туруктуулукту камсыздаганга көмөкчү болуп, аймактагы террорчуларга, согушкерлерге каршы аскердик операцияларды жасоодо колдонулары айтылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0