Өкүл: Түркия Евробиримдикке 2023-жылга чейин мүчө болуга ынтызар

© flickr.com / KLMirceaТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Австрия канцлери Кристиан Керн 16-сентябрда Түркиянын ЕБге кирүү демилгесин токтотуу боюнча катуу талкууну демилгелей тургандыгын кабарлаган.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Түркиянын бийлиги алар Европа биримдигине (ЕБ) 2023-жылы кирип калууну каалаган эле деп айтты аталган уюмдагы өкүлү Селим Енел.

"Түркия Европа биримдигине 2023-жылы кирип калууну каалайт. Быйыл Түркия Республикасына 100 жыл болот. Европа биримдигине кирүү менин өлкөм үчүн салтанаттуу бир кадам болмок", — деп билдирген Түркиянын атайын өкүлү Селим Енел Welt деп аталган немис басылмасына.

Муну менен катар эле Енел учурда ЕБге кирүү шарттары эң жакшы экендигин жана бул тез эле өзгөрүп кетиши мүмкүндүгүн айткан.

Россия президенти Владимир Путин жана президент Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Батыш ЖМКлары: Эрдоган Евробиримдикти Россия алмаштыра аларын көрсөтүүдө
Буга чейин Австрия канцлери Кристиан Керн 16-сентябрда Түркиянын ЕБге кирүү демилгесин токтотуу боюнча катуу талкууну демилгелей тургандыгын кабарлаган.

Анын айтымында, Түркия "азыр да, жакынкы он жылдыкта да Европа биримдигине кирүүгө талапкер боло албайт". Мындан сырткары, Керн мүчөлүк туурасында буга чейинки жүргөн сүйлөшүүлөрдү дипломатиялык жалган эле аракеттер деп атады. 16-сентябрда ЕБге мүчө 27 өлкө (Улуу Британиясыз) Словакияда саммитке чогулат.

Түркия менен ЕБдин ортосундагы бул жааттагы макулдашууга 1963-жылы кол коюлган. Ал эми Анкара Евробиримдикке мүчө болуу үчүн 1987-жылы арыз берген. Мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөр 2005-жылы гана башталып, ар кыл татаал жагдайларга кабылып, токтоп келет. Учурда мүчөлүк боюнча документтердин 35 беренесинин 16сы ачык бойдон турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0