Түркиянын Элазык аймагындагы жардыруудагы жарадарлардын саны 170ке жетти

© REUTERS / Kamilcan Kilic/Ihlas News AgencyТүркиянын чыгышындагы Элазык шаарындагы жардыруунун кесепети
Түркиянын чыгышындагы Элазык шаарындагы жардыруунун кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуу полициянын бөлүмүндө, кызматкерлер ишке жаңы келе баштаганда ичине жарылгыч толтурулган автоунаанын жардамы менен жасалган.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Түркиянын чыгышындагы Элазык шаарындагы жардыруудан каза болгондордун саны алты кишиге жетип, жарадарлар 170ке чамалап барды. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме кылып кабарлады. 

Анкаранын Гювен-парк аттуу аялдамада болгон жардыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиядагы жарым жыл ичиндеги терактылар. Бейажал кеткен өмүрлөр
Буга чейин жардыруу Ван аймагында болгону айтылып, алгач үч, андан кийин алты адам каза таап, 146га жакын жарандын жарадар болгондугу айтылган. Жергиликтүү жашоочулар терактыны ишмердүүлүгү Түркияда тыюу салынган Күрдстандын жумушчулар партиясы жасады деп шектенип жаткандыгын белгилешкен. 

Жарылуу полициянын бөлүмүндө, кызматкерлер ишке жаңы келе баштаганда ичине жарылгыч толтурулган автоунаанын жардамы менен жасалган.

Анткен менен жардыруу боюнча жоопкерчиликти бир да уюм мойнуна ала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0