Түркиянын Ван аймагында ири теракт болуп, үч киши каза болду

© REUTERS / Umit BektasТүркия полициясы. Архив
Түркия полициясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарылуудан чоңдордон сырткары кичинекей бала каза тапкан.

БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Түркиянын Чыгышында жайгашкан Ван аймагында болгон ири жарылуудан үч киши каза таап, 70ке чукул адам жарадар болду. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Жардыргыч зат салынган автоунаа Түркия менен Ирандын чек арасына жакын аймакта жарылып кеткен. Чабуул полициянын бөлүмүнө жасалган.

"Жабырланган 71 кишинин үчөө оор абалда. Алардын 17си полиция кызматкерлери",—деп билдирген "Адилет жана өнүгүү" партиясынын өкүлү Ван Захир Соганда Anadolu агенттигине. 

Аткаминердин айтымында, жарылуудан бир кичинекей бала каза тапкан.

Сирия-түркия чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сирия-түркия чек арасында 15ке чукул адам каза тапты
Жергиликтүү жашоочулар терактыны ишмердүүлүгү Түркияда тыюу салынган Күрдстандын жумушчулар партиясы жасады деп эсептеп жатышат.

Күрдстандын жумушчулар партиясы — Түркияда күрддөрдүн автономиялык аймагын түзүү жана алардын укугун коргоо боюнча түзүлгөн партия. Анкара менен Вашингтон аны террордук уюм деп эсептейт. Аталган партиянын лидери Абдулла Өжаланды сот өмүр бою эркинен ажыратып, 1999-жылдан бери абакта кармап келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0