Түркияда машыгуу учурунда учак кулап, эки киши каза тапты

© AP Photo/Emre TazegulТүркия тез жардам автоунаасы. Архив
Түркия тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийликтин өкүлү каза болгондордун бири — учкуч окутуучу, экинчиси анын шакирти экендигин айткан.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Түркиянын түндүк-батыш тарабында машыгуу учурунда учак кулап түшүп, эки кишинин өмүрүн алды деп билдирди РИА Новости Hurriyet гезитине шилтеме берип. 

Гезиттин маалыматына караганда учак Текирдаг шаарындагы аба майданынан учуп чыгып, Ахимехмет кыштагынын чет жакасына түшкөн. 

"Биздин маалыматтар боюнча каза болгондордун бири — учкуч окутуучу, экинчиси анын шакирти", — деп билдирген жергиликтүү бийликтин өкүлү аталган маалымат каражатына. 

Учурда кырсык болгон жерге Тез жардам жана куткаруучулар жөнөп кеткендиги кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0