Индияда самогон 11 кишинин түбүнө жетти

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүИчкилик ичип жаткан адамдар. Архив
Ичкилик ичип жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын маалыматына караганда, төрт айдын ичинде арак ичип тартип бузган беш миңге чукул киши кармалган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Индиянын Бихар штатында жасалма арактан 11 киши каза таап, дагы бешөө оор абалда жатат. Бул туурасында РИА Новости IANS агенттигине шилтеме берүү менен билдирди.

Окуя Гопалганж штатынын аймагында болгон. Каза болгондордун туугандарынын айтымында, кечээ кечинде алар колго тартылган арак ичишкен. Бир аз убакыттан кийин айрымдарынын деми кыстыгып, кусуп, түндөсү госпиталга жеткиргенден кийин дүйнө менен кош айтышкан. 

Азырынча полиция адам өлүмүнө эмне себепкер болгондугун так айта элек. 

"Бир нече сааттын ичинде алардын биринин артына бири каза болуп калышы жөн гана кокустук", — деп айтты округдук полициянын жетекчиси Рави Раджан.

Россиянын мамлекеттик думасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арак жандуулар менен акылы тайкылардын депутат болушуна Россияда тыюу салынышы мүмкүн
Апрелден тарта аталган штатта арак сатууга жана ичүүгө тыюу салынган. Тартипти бузуп арак жасап, анысы адам өлүмүнө алып келген жагдайдын себепкерлерине өлүм жазасына чейинки чаралар көрүлүшү мүмкүн. Спирт ичимдиктерин ичүү эл чогулган жайлардан тарта ресторанда, барда, үйдө ичүүгө тыюу салынган. Бул эрежелер аталган аймакта жашаган чет элдиктерге да тиешелүү. Милициянын маалыматына караганда, төрт айдын ичинде арак ичип тартип бузган беш миңге чукул киши кармалган. 

Бихар штатынан сырткары мындай тыюу Индиянын Гужарат, Нагаленд, Манипур штаттарында жана Лакшадвип аралдарында да салынган.

Былтыр Керала штатындын бийлиги 10 жыл ичинде аймакты ичимдиктен толук тазалайбыз деп жарыялаган. Жүз миңдеген бар жайлары жабылып, беш жылдыздуу мейманканаларда гана уруксат берилген. Анткен менен толкундоолордон кийин барларда сыра менен шарап сатууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0