Кытай: бала сатууга тиешеси бар аял өлүм жазасына тартылды

© flickr.com / Fraser MummeryЖип. Архив
Жип. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Топтун калган мүчөсү 22 айдан тартып өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Кытайда бала сатуу боюнча күнөө коюлган адам өлүм жазасына тартылды. Бул туурасында РИА Новости Синьхуа агенттигине шилтеме кылып жазды.

Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Кытайда өлүм жазасына тартуу кантип ишке ашат. Учурдагы жана архивдик сүрөттөр
Агенттиктин айтымында, Хуан фамилиясындагы аял 2014-жылы Гуанси-Чжуанск сотунун чечими менен 20га чукул бала саткандыгы үчүн өлүм жазасына буйрулган. Маалыматта балдардын курагы 10 күндөн жети айга чейин болгондугу айтылат. 

Сотто аял Кытайдын жана Вьетнамдын жарандарынан турган бала соодалаган кылмыштуу топтун мүчөсү экени айтылат. Топтун калган мүчөсү 22 айдан тартып өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган. Иликтөө-издөө иштеринен улам полиция 11 баланы бошоткон. 

Сот Хуанды өлүмгө өкүм кылгандан кийин ал жогорку инстанцияга апелляция арызы менен кайрылган. Бирок сот былтыркы жылдын январь айында аймактык соттун чечимин күчүндө калтырган. 

Маалыматта уюшкан топ балдарды Вьетнамдан Кытайга алып келип соодалаганы, андан сырткары кош бойлуу вьетнамдык аялдарды Кытайга алып келип, алар төрөгөн соң да ымыркайларды саткандыгы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0