Афган аскерлери бир сутка ичинде 90 согушкерди жок кылды

© REUTERS / Omar Sobhani/File PhotoАфган аскери. Архив
Афган аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда өлтүрүлгөн согушкерлердин арасында чет элдик тогуз кишинин бар экендиги айтылууда.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Афган аскерлери бир катар провинцияларда жасалган согуштук операция учурунда бир сутка ичинде кеминде 92 согушкерди жок кылды. Бул туурасында Афганистандын Коргоо министрлигинин сайтында кабарланган.

Афганистан аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афганистан: талиптер туткунга алган Ми-17нин экипаж мүчөлөрү куткарылды
Согушкерлер арасында радикалдык "Талибан" тобунун мүчөлөрү болгон. Аларга карата аскердик операция Пакистан менен чектешкен Пактика провинциясынын жанында болуп, 40ка чукулу өлгөн. Мындан сырткары министрлик бул провинцияда дагы 30 радикал жок кылынгандыгын билдирип, бирок алардын кайсы топко тиешелүү экендигин ачыктаган эмес. Маалыматта, өлтүрүлгөндөрдүн арасында чет элдик тогуз кишинин бар экендиги айтылууда. 

Акыркы убакта Афганистанда кырдаал бир топ начарлап кетти. Буга чейин өлкөнүн элет жеринин көп бөлүгүн ээлеп алган "Талибан" кыймылы учурда ири шаарларга басым жасап жатат. Мындан тышкары, мамлекетке "Ислам мамлекети" террористтик тобунун таасири да жайылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0