Испаниядагы өрт 9 га токойду жок кылды

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүТокойдогу өрт. Архив
Токойдогу өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын чыгышына шектелип жергиликтүү тургундардын арасынан 40 киши кармалган.

БИШКЕК, 13-авг. – Sputnik. Испаниянын түндүк-батышындагы Галиссия аймагындагы өрттөн 9 гектар токой аянты жабыркаганын La Razon гезитине таянып РИА Новости билдирди.

От өчүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Багдаддагы төрөт үйүндө кеминде 11 ымыркай күйүп кетти
Аймактын жетекчиси Альберто Нуньес Фейхоонун айтымында, акыркы үч күндүн ичинде эле тилсиз жоо 6 гектар токойду жалмап кеткен. Анын ири бөлүгү Арбо, Кресенте, Соутомайоре жана Порто-де-Сон аймактарына туура келет.

Өрттү өчүрүүгө ысык аба ырайы жана катуу шамал тоскоолдук жаратууда. 

Жыл сайын болуучу бул кырсык негизинен атайылап өрт коюудан келип чыгып, буга үй-жай курууга кызыкдар жергиликтүү тургундар шектелип келет. Быйыл эле бул боюнча 40 киши кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0