Түркия Сирия менен чек арасын Россиянын талабы менен жабышы мүмкүн

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСирия желеги. Архив
Сирия желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамдума депутаты Россия түркиялык тарапка согушкерлер менен куралды ташуу кайсы жол менен өтүп жаткандыгы боюнча спутниктен тартылган сүрөттөрдү берип, көмөк көрсөтөрүн айтты.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Россиялык дипломаттар менен аскери жетекчилери Анкарадагы кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдө түркия-сирия чек арасын жабууну талап кылды. Бул туурасында РИА Новости "Известия" гезитине шилтеме кылып жазды. 

Буга чейин Россия менен Түркия чалгын, аскердик жана дипломаттык кызматтардын өкүлдөрүнөн турган үч тараптуу механизмди түзгөндүгү маалымдалган.

"Биз албетте, террорчулардын, куралдын агымын токтотуу үчүн сирия-түркия чек араларын жаап туруу маселесин көтөрдүк. Муну менен согушкерлер сырттан келген ар кандай камсыздоолордон кол жууйт",— деп айтты Мамдуманын Коргонуу комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Водолацкий.

Анын айтымында, бул маселелердин Россиянын улуттук коопсуздугун камсыздоого тикелей тиешеси бар. 

"Биз түркиялык тарапка согушкерлер менен куралды ташуу кайсы жол менен өтүп жаткандыгы боюнча спутниктен тартылган сүрөттөрдү берип, көмөк көрсөтө алабыз",— деп кошумчалаган депутат. 

"Известия" түрк тарап Сирия менен чек араны жабуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү карап жатат деп жазды. 

Россия президенти Владимир Путин жана президент Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган - Sputnik Кыргызстан
Батыш ЖМКлары: Эрдоган Евробиримдикти Россия алмаштыра аларын көрсөтүүдө
"Түркия тараптан сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөр дипломаттар, аскерий жетекчилердин ар кыл аракеттерди жасоо үчүн талаасы жок. Муну менен кошо алар өздөрү деле талаштуу суроолорду чечүүгө ниеттенип турушат. Бул жерден Сирия менен чек араны жабуу боюнча алар биздин талаптарды аткарууга мажбур болушат", — деп айткан Федерация кеңешинин Эл аралык комитетинин мүчөсү Игорь Морозов.

Эл аралык коомчулук менен адистер башка мамлекеттерден "Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулууну каалагандардын негизги агымы аталган чек ара аркылуу кирип жатканын айтып келишет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0