Риодо матч алдында полиция ээсиз калган шектүү баштыкты жардырды

© REUTERS / Fabrizio BenschРио-де-Жанейродогу полиция кызматкерлери. Архив
Рио-де-Жанейродогу полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рюкзактан планшет жана кийимдер чыккан.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Олимпиада өтүп жаткан Рио-де-Жанейро шаарында полиция турнир өтүп жаткан жердеги таштандынын жанында жаткан ээси жок шектүү баштыкты жардырды деп жазды РИА Новости "Р-Спортко" шилтеме кылып берди.

Таиланддык штангист Круайтхонг Бразилиядары олимпиада оюндары учурунда - Sputnik Кыргызстан
Риодо алтынга жетпей калган спортчунун чоң энеси аны сыналгыдан көрүп жатып көз жумду
Баштык "Кариока-1" баскетболдук аренанын жанынан табылган. Булактардын билдиргенине караганда, ал жерде Испания менен Нигериянын беттеши өтмөк. 

Ээсиз рюкзак жуунучу жайлардын жанында орнотулган таштанды салуучу челектин түбүнөн табылган. Рио-де-Жанейронун полициясы баштык матч алдында коопсуздук жаратпашы үчүн баштыкты жардыргандан кийин гана көрүүчүлөрдү трибунага коё берди. 

Рюкзактан планшет жана кийимдер чыккан. 

Акыркы мезгилде Олимпиада өтүп жаткан аймактарда полиция коопсуздук үчүн ээсиз калган бир нече баштыктарды жардырган. Ал олимпиадалык борбордон алысыраак алып барып, жок кылынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0