Олимпиадада коло медаль алган дзюдочуну уурулар бир чаап кулатышты

© REUTERS / Kai PfaffenbachБельгиялык дзюдочу Дирк ван Тихелт олимпиадалык оюндарында
Бельгиялык дзюдочу Дирк ван Тихелт олимпиадалык оюндарында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгондон кийин спортчу Олимпиадалык аренага чыгып медалы менен сүрөткө түшкөн.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Уюлдук аппаратын уурдаткан машыктыруучусуна жардам бергиси келген бельгиялык дзюдочу Дирк ван Тихелт уурулардан көзгө муштум жеген. Бул тууралуу Straits Times агенттиги жазып чыкты.

Спортчу Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимпиадалык оюндарда коло медалга ээ болгон. 

"Окуя коло медалын Копакабана пляжында 9-август түнү майрамдап жаткан учурда болгон. Спортчу ууруну кууп жетүү үчүн аркасынан кубалап жөнөгөндө көзгө муштум жеген", — деп айтылат маалыматта. 

Көзү көгөргөн Тихелт окуя болгондон кийин Олимпиадалык аренага кайтып барып медалы менен сүрөткө түшкөн. 

Дзюдочу жакынкы госпиталга барганда жеңил жаракат алганы аныкталган. Ал эми полиция кызматкерлери уурунун изин таппай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0