Пакистандагы түрк мектептеринин директорлору алмашты

© flickr.com / kami raoИсламабад шаары. Архив
Исламабад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кызматтан алынган мектеп жетекчилери эми катардагы мугалим болуп иштешет.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Пакистандагы PakTurk билим берүү мекемелеринин 28инин директорлору алмашты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Dawn басылмасына шилтеме берүү менен билдирди.

Расмий Исламабад мындай кадамга Анкаранын "Фетхуллах Гүлендин мектептерин жабуу" боюнча билдирүүсүнөн улам барган.

Основатель движения Хизмет Фетхуллах Гюлен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркия Индияны Гүленге байланыштуу мекемелерди жабууга чакырды
Август айынын башында Исламабадга Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу келген. Ал Пакистандын бийлигин динаятчы Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына каршы күрөшүүгө чакырып, мектептерди жабуу керектигин айткан.

Кызматтан алынган директорлор эми катардагы мугалим болуп иштешет.

Пакистандагы PakTurk эл аралык билим берүү мекемеси жергиликтүү билим берүү мекемеси катары кайта катталган. Карамагындагы 28 мектепте миңден ашык мугалим иштеп, 11 миңдей окуучу билим алат.

15-июлдун түнүндө Түркияда бийликти күч менен басып алууга аракеттер болгон. Анда 250дөй киши каза болуп, эки миңден ашык киши түрдүү жаракаттарды алган. Өлкөдөгү бул баш аламандыкты динаятчы Фетхуллах Гүлендин тарапташтары кылганын түрк бийлиги маалымдаган. Бирок Гүлендин тарапташтары мындай билдирүүнү кескин түрдө четке каккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0