БИШКЕК, 10-авг. – Sputnik. Таиландда мамлекеттик транспорттун жана шаардык, эл аралык каттамдардын айдоочуларына Pokemon GO оюнун иш учурунда ойноого тыюу салынды. Бул туурасында РИА Новости маалымдады.
Мындай чечимдин кабыл алынганын Кургактыктагы транспорт департаментинин башчысынын орун басары Натхапхонг Чэтчу кабарлаган.
"Телекоммуникация министрлиги тарабынан коопсуздукту сактоо максатында оюнга чек коюлуп жатат. Себеби, коомдук транспорттун айдоочуларынын колунда элдин, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу турат", — деп айткан ал.
Жергиликтүү телеканал покемондорду кармоого бир нече менчик жана мамлекеттик мектептерде тыюу салынгандыгын кабарлады.
Pokemon Go — технологияын "кошумча реалдуулук" деп аталган негизинде иштелип чыккан бекер жүктөмө. Ойногон киши смартфондун экраны аркылуу экинчи, башка смартфондогу покемондорду издейт. Эл арасында Чармандер, Чармелеон, Чаризард, Какуна, Пикачу, Бульбазавр, Бластойз дагы бир топ түрлөрү кеңири тараган.