БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Төңкөрүш уюштуруу аракеттеринен кийин телефон чалганыңыз бизди кубанычка бөлөдү. Мындай пикирин Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербург шаарында жолуккан учурда билдирди.
15-июлда Түркияда бийликти аскердик төңкөрүш аркылуу басып алууга аракеттер болгон.
"Мындан кийинки биздин кадамдар эки мамлекеттин мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат. 15-июлдагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин сиздин лидер катары телефон чалууңуз бизди кубанычка бөлөдү", — деди Эроган.
Жолугушууга ошондой эле Россия тараптан ТИМдин башчысы Сергей Лавров, тышкы иштер боюнча президенттин кеңешчиси Юрий Ушаков катышууда. Түрк тараптан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, түрк президент аппаратынын башкы катчысынын орун басары Ибрагим Калын бар.Маалыматтарга ылайык, Россия менен Түркиянын президенттери чартердик каттамдарды жандантуу, түрк товарларын Россияга экспорттоо маселелерин талкууга алат. Ошондой эле Россиядагы түркиялык курулуш компанияларынын иштери, Түркиядагы "Ак кую" атомдук электр станциясынын курулушу жана "Түрк агымы" газ куурунун иши да каралат.
Өлкө башчылары жолуккандан кийин отурум жабык эшик артында уланууда.