18:13 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербург шаарында жолуккан учурда

Эрдоган Путинге: төңкөрүш аракетинен кийин чалганыңыз бизди кубанычка бөлөдү

© Sputnik / Сергей Гунеев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)
50210

Эки өлкөнүн президенттери акыркы жолу 2015-жылы 16-ноябрда Антальяда өткөн G20 саммитинде жолуккан.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Төңкөрүш уюштуруу аракеттеринен кийин телефон чалганыңыз бизди кубанычка бөлөдү. Мындай пикирин Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Россиянын президенти Владимир Путин менен Санкт-Петербург шаарында жолуккан учурда билдирди.

15-июлда Түркияда бийликти аскердик төңкөрүш аркылуу басып алууга аракеттер болгон.

"Мындан кийинки биздин кадамдар эки мамлекеттин мамилелерин жаңы деңгээлге чыгарат. 15-июлдагы аскердик төңкөрүш аракетинен кийин сиздин лидер катары телефон чалууңуз бизди кубанычка бөлөдү", — деди Эроган.

Жолугушууга ошондой эле Россия тараптан ТИМдин башчысы Сергей Лавров, тышкы иштер боюнча президенттин кеңешчиси Юрий Ушаков катышууда. Түрк тараптан тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, түрк президент аппаратынын башкы катчысынын орун басары Ибрагим Калын бар.

Маалыматтарга ылайык, Россия менен Түркиянын президенттери чартердик каттамдарды жандантуу, түрк товарларын Россияга экспорттоо маселелерин талкууга алат. Ошондой эле Россиядагы түркиялык курулуш компанияларынын иштери, Түркиядагы "Ак кую" атомдук электр станциясынын курулушу жана "Түрк агымы" газ куурунун иши да каралат.

Өлкө башчылары жолуккандан кийин отурум жабык эшик артында уланууда.

Тема:
Түркиядагы аскердик төңкөрүш аракети (65)

Тема боюнча

Путин менен Эрдоган Санкт-Петербургда жолукту
Түркия президенти Эрдоган Путинди "досум" деп атады
Белгилер:
жолугушуу, Владимир Путин, Режеп Тайип Эрдоган, Россия, Түркия

ЭҢ МААНИЛҮҮ