Олимпиадада туу көтөргөн намибиялык боксчу зордуктоого шектелип камалды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүОлимпияда кыштагы
Олимпияда кыштагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Олимпиада учурунда сексуалдык маанайда кылмышка шектелип кармалган Жуниос алгачкы спортчу эмес. Буга чейин полиция кызматкерлери марокколук боксчу Хассан Саадды эки үй кызматкерине асылганы үчүн кармап кеткен.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Намибиянын курама тобундагы боксчу Жонас Жуниорс үй-кызматкерин зордуктоого аракет жасагандыгы үчүн полиция кызматкерлери тарабынан камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Рио-де-Жанейро шаарындагы полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиада көрөм деп барган министрди карактап кетишти
Басылманын маалыматына караганда Жонас Олимпиадалык оюндар өтүп жаткан шаарчада үй кызматкеринен жыныстык катнашка баруусун суранып, ага акча төлөп берүүгө даяр экенин билдирген. Мындай сунушка макул болбогон үй кызматкери качып чыгып полицияга кабарлап койгон. 

Жуниос учурда өтүп жаткан Олимпиадалык оюндарга ушул жума ичинде чыгышы керек болчу. Ал салтанаттуу ачылышта туу көтөрүп чыккан. 

Олимпиада учурунда сексуалдык маанайда кылмышка шектелип кармалган Жуниос алгачкы спортчу эмес. Буга чейин полиция кызматкерлери марокколук боксчу Хассан Саадды эки үй кызматкерине асылганы үчүн кармап кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0