Тажик-афган чек арасында атышуу болуп, бир жаран каза тапты

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКуралчан адам. Архив
Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери тажик-афган чек арасында 16 жолу атышуу болуп куралчан сегиз афган жараны жок кылынган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Тажикстандын чек арачылары менен Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Афганистандын аймагынан 22 килограмм баңгизат алып кирүүгө аракет жасаган топтун мүчөсүн жеринде жок кылышкан. Бул тууралуу РИА Новости Тажикстандын Чек ара кызматынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Мухаммад Улугходжаевге шилтеме берүү менен жазып чыкты.

"Белгисиз куралдуу топ баңгизатты контрабандалык жол менен Тажикстандын аймагына өткөрүү маалында алдынан чыккан чек арачыларга ок чыгарышкан. Чек арачылар өз кезегинде курал менен жооп кайтарышкан", — деп билдирди Улугходжаев. 

Еревандагы Сасна црер тобунун мүчөлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ереванда барымтага алынган дарыгерлер бошотулду
Анын айтымына караганда топтун мүчөлөрү караңгылыкты пайдаланып изин суутуп кетүүгө жетишкен. Ал эми окуя болгон жерде 22 жаштагы Афганистан жараны Абдурахмон Амонбойдун денеси табылган. Анын жанынан 20 килограмм нашаа менен 2,2 килограмм апийим табылган. 

Жыл башынан бери тажик-афган чек арасында 16 жолу атышуу болуп, куралчан сегиз афган жараны жок кылынгандыгы тууралуу Улугходжаев белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0