Дубайда конуп жаткан учактан кара түтүн чыгып, бардык учуулар токтотулду

© REUTERS / Ashraf Mohammad/File photoEmirates авиакомпаниясынын учактары. Архив
Emirates авиакомпаниясынын учактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учактан чыгып жаткан кара түтүн тартылган видео интернетке чыкты. Ал аэропорттон тартылган.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Emirates авиакомпаниясына таандык учак Дубайдын эл аралык аэропортуна конуп жатып, түтөп кеткен, жабыр тарткандар жок деп РИА Новости билдирди.

Emirates авиакомпаниясы аэропортто "кырсык" болгонун тастыктады. Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.45те болгон

"Окуя Индиядан учуп келген учак конуп жатканда болгон. Бардык жүргүнчүлөр, коопсуз жерге чыгарылды. Жабыркагандар жок", — деп авиакомпаниянын маалымат кызматы билдирүү таратты.

Flightradar24 авиациялык порталынын маалыматына ылайык, Дубайдын аэропорту окуядан кийин каттамдарды кабыл алууну токтоткон.

Учактан чыгып жаткан кара түтүн тартылган видео интернетке чыкты. Ал аэропорттон тартылган.

ЖМКнын маалыматтарына караганда кырсыкка Индиянын Тируванантапур шаарынан учуп келген учак Boeing-777 учагы кабылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0