Козголоңдон жабыркаган Түркия парламентинин айрым бөлүгү музейге айланмай болду

© REUTERS / Baz RatnerТүрк парламентинин имараты.
Түрк парламентинин имараты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спикер Түркиядагы мурунку төңкөрүштөрдөн айырмаланып, бу жолу козголоңчулардын мизи элдин жардамы менен кайтарылганын белгиледи.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Аскердик төңкөрүш жасоо аракетинде авиасоккудан жабыр тарткан Түрк парламентинин айрым залдары музейге айлана турганын спикер Исмаил Кахраман билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Эскерте кетсек, 16-июлга караган түнү Анкара жана Стамбул шаарларында аскердик төңкөрүш аракет жасалып, андан эки жүздөн ашык киши каза болгон. Дагы эки миңге чукул адамдын жарадар болгону айтылган.

"Парламент чабуулга туш болду. Козголоңчулардын учактары имараттын үстүнөн бир нече саат бою учуп жүрүштү. Дагы бир 20 метрдей болгондо бомба жыйындар залына түшмөк. Жабыркаган залдар азыр кандай турса ошондой калып музейге айланат. Мындан тышкары, бактары өрттөнгөн аллеяны да мурунку калыбына келтирбейбиз. Эл көрсүн. Биз аны "Демократия аллеясы" деп атайбыз", — деди Кахраман. 

Ал өз сөзүндө Түркиядагы мурунку төңкөрүштөрдөн айырмаланып, бул жолу козголоңчулардын мизи элдин жарамы менен кайтарылганын белгилеп, 2016-жылдын 15-июлу тарыхта кала турган дата экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0