Чемпион кыз Рио Олимпиадасынан кийин жашоо менен кош айтышууну чечти

© AP Photo / Emilio MorenattiПаралимпиада чемпиону бельгиялык Марике Верворт. Архив
Паралимпиада чемпиону бельгиялык Марике Верворт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бельгиялык спортчу эвтаназия процедурасы үчүн бардык документтерди даярдап койгону айтылууда.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Паралимпиада чемпиону бельгиялык Марике Верворт эвтаназия үчүн бардык документтерин даярдап, Рио Олимпиадасынан кийин жашоо менен кош айтышууну чечти. Бул тууралуу RTL телерадиокомпаниясы билдирди.

"Рио Олимпиадасынан кийин карьерамды токтотом. Андан кийин эмне күтүп турганын дагы көрө жатабыз. Жашоом кубанычтуу көз ирмемдерге бай болгону менен эвтаназия тууралуу да ойлоно баштадым. Оорума карабай башкалар кыялдана турган нерселерге жетиштим", — деди Верворт.

Олимпиядалык оюндардын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Намыска жарачу берендер. Рио олимпиадасына барчу Кыргызстандын курамы
Маалыматка ылайык, бельгиялык спортчу эвтаназия процедурасы үчүн бардык документтерди даярдап койгон. Марике Верворт — 2012-жылы өткөн Паралимпиаданын коляскадагы жарыш боюнча чемпиону. Ал булчуңдарынын айыккыс дартына чалдыккан.

Эвтаназия (айыккыс оорулуулардын жашоосун токтотуу) Бельгияда 2002-жылдан тарта мыйзамдаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0