Түркияда камакка алынган 758 аскер бошотулду

© REUTERS / MURAD SEZERТүркиянын аскерлерлери. Архив
Түркиянын аскерлерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот 989 аскердин ишин карап, 231 аскерди камакта калтырган.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Стамбулдун соту бийликти басып алууга болгон аракеттерден кийин кармалган 758 аскерди бошотуу боюнча өкүм чыгарганын Anadolu агенттиги билдирди.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрк министри Кыргызстанда баш аламандык болушу мүмкүндүгүн кайтадан эскертти
Маалыматка ылайык, сот 989 аскердин ишин карап, 231 аскерди камакта калтырган.

16-июлга караган түнү Түркияда козголоңчулар аскерий төңкөрүш кылууга аракет кылышкан. Негизинен окуялар Анкара жана Стамбул шаарында болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, бул каргашадан 290 киши каза болуп, миңдеген киши түрдүү жаракаттарды алган.

Күч түзүмдөрү төңкөрүштү уюштуруу аракетине тиешеси бар деген шек менен 10 миңден ашык кишини кармаган. Алардын ичинде генерал жана адмиралдар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0