Окумуштуулар: сыранын даамы музыкага жараша өзгөрөт

© flickr.com / Jasmin FineСыра. Архив
Сыра. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын баамында музыка угуу менен сыра ичүү аң-сезимдеги даам рецепторлорун ойготот.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Окумуштуулардын изилдөөсү сыранын даамы музыкага байланыштуу өзгөрүлө тургандыгын көрсөткөн. Бул тууралуу Frontiers in Psychology журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

"Музыканын коштоосунда сыра ичкен адамдар анын даамын жакшы сезишээрин байкадык. Сыра ичүү учурунда жарандар мурда угуп жүргөн музыканы кайталап койгондо, сыра жагымдуу гана эмес даамдуу экендигин дагы билдиришти. Музыка угуудан алган канааттануу даам сезүү рецепторуна "өтүп" кеткендей", — деп Брюселдеги университеттин окумуштуусу Фелипе Кавальо билдирди. 

Девушка перед операцией на груди. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Атанын жеген тамагы кыздардын эмчек рагын шартташы ыктымал
Кавальо менен анын кесиптештери мындай өзгөчө изилдөөнү 2000-жылдары Европа менен Британияда белгилүү болгон Editors рок тобунун колдоосу менен өткөрүшкөн. Аталган топтун солисттери жаңы маркадагы сыра чыгарууну чечишип, анын даамы алардын музыкасына катыштыгы бар же жоктугун текшерип көрүүнү чечишкен.

Окумуштуулардын тобу тажрыйба жүргүзүү үчүн эки миңден ашык жаранды сыноодон өткөрүшкөн. Алар катышуучуларга музыканын коштоосунда сыра беришкенде алар ичимдикти жактырышып, даамдуу экенин билдиришкен. Ошол эле сыраны музыкасыз, тынч жерде ичкендер даамын сезишкен эмес. 

Мындан тышкары жарандар сыранын бөтөлкөсүнүн сыртынан рок тобунун солисттеринин сүрөттөрүн көрүшкөндө дагы ичимдикти даамдуу деп эсептешкен. 

Окумуштуулардын баамында музыка угуу менен сыра ичүү аңсезимдеги даам рецепторлорун ойготот.

Жаңылыктар түрмөгү
0