Түркиянын жогорку аскер кеңеши 99 полковниктин наамын жогорулатты

© AP Photo / STRТүркиядагы аскердик төңкөрүштүн катышуучулары. Архив
Түркиядагы аскердик төңкөрүштүн катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркияда бийликти аскердик төңкөрүш менен басып алууга болгон аракеттен кийин 1684 офицер кызматтан алынган. Анын ичинен 149 генерал менен адмиралдар бар.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Түркиянын Жогорку аскер кеңеши 99 полковниктин наамын генерал жана адмиралга чейин жогорулатуу боюнча чечим кабыл алганын Anadolu агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости маалымдады.

Маалыматка ылайык, 47 генерал убактысы келгендиктен отставкага кетирилген. Андан сырткары 20 генерал жана адмиралдардын кызмат өтөөсү бир жылга узартылган.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түрк министри Кыргызстанда баш аламандык болушу мүмкүндүгүн кайтадан эскертти
Өз кызмат орундарын Түркиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Хулуси Акар, аскер аба күчтөрү жана аскер деңиз күчтөрүнүн башчылары сактап калган.

Түркиянын Жогорку аскер кеңешинин чечимдерин өлкө президенти Тайип Эрдоган да колдоп, бекиткен.

Түркияда бийликти аскердик төңкөрүш менен басып алууга болгон аракеттен кийин 1684 офицер кызматтан алынган. Анын ичинен 149 генерал менен адмиралдар бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0