Алжирден келген жаран Германиядагы соода борборун жардырам деп коркуткан

© REUTERS / MICHAELA REHLEГерманиянын полиция кызматкерлери. Архив
Германиянын полиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жаран өзүнө жана коомго коркунуч жаратат деген кооптонуу менен психиатриялык ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Психиатриялык ооруканадан качкан Алжирден келген жаран Германиянын Бремен шаарындагы соода борборун жардырам деп коркутканын РИА Новости Рейтер агенттигине шилтеме берүү менен билдирди. Маалыматка ылайык, анын "Ислам мамлекети" террордук тобу менен эч кандай байланышы жок.

Атышуу болгон Берлиндеги университеттик клиника - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Берлиндеги ооруканада атышуу болду
Агенттиктин билдиришинче келгин "Ислам мамлекетинин" көз карашын жактай турганын жана 22-июлда "Олимпия" соода борборунда тогуз адамды атып өлтүргөн кишини колдой турганын айткан. 

Агенттик элдин үшүн алган киши буга чейин өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, маңзаттарды колдонуп келгенин белгилейт. Кийин ал Төмөнкү Саксониядагы психиатриялык ооруканасына жаткырылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Германиянын аймагында жардыруу болуп, соода борборундагы кишилерге ок чыгарган учурлар катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0