Окумуштуулар семирүүнүн негизги себебин аныкташты

© Sputnik / Алекс Аминев / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулардын айтымында CREBRF гени майларды сактап, энергиянын бөлүнүшүн басаңдатат.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. АКШдагы Питтсбург университетинин окумуштуулары адамдын семирүүсүн 30-40 пайызга жогорулаткан генди табышты. Бул тууралуу Nature Genetics журналына шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Стивен МакГарви башында турган окумуштуулар тобу семирүү фактысы көп катталган Самоа архипелагынын жарандарын байкоого алышкан. Натыйжада изилдөөгө алынган жарандардын төрттөн бир бөлүгүндө CREBRF гени табылган. 

Окумуштуулардын айтымында, CREBRF гени майларды сактап, энергиянын бөлүнүшүн басаңдатат. 

"CREBRF гени адамды семирүүгө алып келген көптөгөн башка себептердин катарын толуктады", — деп билдирет Стивен МакГарви. 

Самоа архипелагынын тургундары арасында пайда болгон семирүү дарты кыймылдын азайышы менен жогорку калориялуу азыктардын көп колдонулушуна дагы байланыштуу экени аныкталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0